ОшМУнун Enactus командасы менен Баткенде
декабрь 23, 2025
2025-жылдын 10-апрелде күнү Баткен мамлекеттик университетинин чоң залында “Экономика, бизнес жана менеджмент” институтунун “Социалдык иштер” кафедрасынын алдындагы Социалдык клиника тарабынан «Инклюзивдик билим берүүгө карай жол: көйгөйлөр, келечеги жана чечүү жолдору» аттуу илимий-практикалык иш чара болуп өттү.
Максаты - инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүдө көйгөйлөрдү, перспективаларды жана чечүү жолдорун талкуулоо.
Милдеттери:
- инклюзивдик билим берүүнүн учурдагы абалын талдоо жана аны өнүктүрүүдө негизги тоскоолдуктарды аныктоо.
- билим берүү программаларын адаптациялоодо натыйжалуу чечимдерди, инновациялык ыкмаларды жана санариптик технологияларды талкуулоо.
- билим берүү процессин өркүндөтүү жана майыптыгы бар жаштарды маалыматтык- консультациялык борборун түзүү боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу. Борбордун сайты: учурдагы абалы.
- инклюзивдик билим берүүнү жайылтуу, изилдөө жана кеңири аудиторияны тартуу.
Уюштуруучулар:
1.Экономика , бизнес жана менеджмент институтунун Социалдык иштер кафедрасынын алдындагы Социалдык Клиникасы.
2.Социалдык иштер кафедрасынын окутуучулары – Каримова Кундузхан Усоновна, Азизова Дилбара Шакировна, Каримова Дилшат Сагынбаевна, Рустамова Дилнара Акрамовна.
Ассистенттер – ОшМУнун Enactus командасы.
Модераторлор - социол.и.к. Каримова Кундузхан Усоновна, филос.и.к. Азизова Дилбара Шакировна.
Иш-чарага жалпысынан 72 адам катышты. Алар - жогорку окуу жайлардын, мекеме-уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, студенттер, окуучулар, ошондой эле ОшМУнун Enactus командасы.
Иш чара Социалдык иштер кафедрасынын улук окутуучусу Каримова Кундузхан Усоновнанын жетекчилиги менен ишке ашырылып жаткан илимий долбоордун натыйжасында майыптыгы бар жаштар үчүн түзүлүп жаткан платформа менен ОшМУнун Enactus командасынын долбоорлорун айкалыштыруу максатында жана кеңири колдонууга жайылтуу үчүн атайын аянтча түзүү болуп саналат.
Иш чаранын жүрүшүндө ОшМУнун ички гранты тарабынан колдоого алынган «Майыптыкты изилдөө жана майыптыгы бар жаштарды маалыматтык-консультациялык колдоо борборунун виртуалдык платформасын (сайтын) түзүү» илимий изилдөө долбоорунун жыйынтыктарынын негизинде алынган сунуштар айтылды. Жарандык коом, окутуучулар, мамлекеттик кызматкерлер, студенттер жана окучуулар менен бирдикте талкуулар болду.
Ошондой эле, ОшМУнун Enactus командасы «GFinger» жана «GFace» долбоорлору боюнча презентацияларын жасашты. Майыптыгы бар жарандардын коомдук фонддорунун, бирикмелеринин өкүлдөрү жана иш чаранын катышуучулары тарабынан кызуу талкуулар болуп, сунуштар берилди. Бүгүнкү иш чарада долбоорлорду жакшыртууга чоӊ мүмкүнчүлүк жаралып, долбоорду иштеп чыккан жаштар үчүн аянтча түзүлдү. Долбоорлордун мындан аркы кадамдарына кызматташуулар боюнча макулдашуулар болду.
Тегерек столдун жыйынтыгында билим берүү мекемелери, мамлекеттик мекеме-уюмдар үчүн негизги сунуштар айтылды. Сунушталган чаралар инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө жана майыптыгы бар жаштар үчүн тоскоолдуктарды жоюуга багытталган. Алар:
- физикалык инфраструктураны модернизациялоо;
- санариптик инфраструктураны модернизациялоо;
- инклюзивдик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;
- ченемдик укуктук базаны чыңдоо;
- колдоо жана эмгекти интеграциялоо;
- кесиптик курстарды жана окутуу программаларын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдар менен кызматташуу;
- маалымдуулукту жогорулатуу жана көз карашты өзгөртүү;
- ата-энелерди жана үй-бүлөлөрдү колдоо.
Иш чара жогорку деңгээлде өттү.
Баткен мамлекеттик университетинин тарбиялык жана уюштуруу иштери боюнча проректору Мусилим Айдаровнага, Баткен шаарынын мэриясына чоң ыраазычылык билдиребиз.