Размер текста
Цвета сайта
Ц Ц Ц Ц Ц
Изображения
Интервалы
Сброс
Отдел новостей

ОшМУнун Enactus командасы менен Жалал-Абад облусунда

декабрь 23, 2025

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясында 2025-жылдын 19-май күнү ОшМУнун “Экономика, бизнес жана менеджмент” институтунун “Социалдык иштер” кафедрасынын алдындагы Социалдык клиника тарабынан «Инклюзивдик билим берүүгө карай жол: көйгөйлөр, келечеги жана чечүү жолдору» аттуу илимий-практикалык иш чара болуп өттү.
Тегерек столдун максаты - инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүдө көйгөйлөрдү, перспективаларды жана чечүү жолдорун талкуулоо.

Иш чараны уюштурууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Маматжанов Азамат Кабылбековичке, Сузак райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы-Мамытов Өмүрбек Асылбековичке, “Калктын аярлуу топторун коргоо жана колдоо борбору” коомдук фондунун жетекчиси Эшмуратова Зейнеп Тажиевнага ыраазычылык билдиребиз.

Иш-чарага жалпысынан 150 адам: билим берүү мекемелеринин социалдык педагогдору, Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орунбасары, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилери жана социалдык кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү, Социалдык иштер кафедрасынын окутуучулары, ошондой эле ОшМУнун Enactus командасы катышышты.
Иш чара Социалдык иштер кафедрасынын улук окутуучусу Каримова Кундузхан Усоновнанын жетекчилиги менен ишке ашырылып жаткан илимий долбоордун натыйжасында майыптыгы бар жаштар үчүн түзүлүп жаткан платформа менен ОшМУнун Enactus командасынын долбоорлорун айкалыштыруу максатында жана кеңири колдонууга жайылтуу үчүн атайын аянтча түзүү болуп саналат.
Иш чаранын жүрүшүндө ОшМУнун ички гранты тарабынан колдоого алынган «Майыптыкты изилдөө жана майыптыгы бар жаштарды маалыматтык-консультациялык колдоо борборунун виртуалдык платформасын (сайтын) түзүү» илимий изилдөө долбоорунун жыйынтыктарынын негизинде алынган сунуштар айтылды. Жарандык коом, окутуучулар, мамлекеттик кызматкерлер, социалдык педагогдор, социалдык кызматкерлер менен бирдикте талкуулар болду. Талкуу учурунда Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн социалдык педагогдордун инспектору жана жарандар тарабынан Ош мамлекеттик университетине логопед, дефектолог, тифлопедагог, сурдопедагог адистерин даярдоо жана кайра даярдоо сунуштары берилди. Ошондой эле социалдык кызматкерлерди жана соцпедагогдорду кыска убакытта кайра даярдоо курстарын уюштуруу сунушталды.
Ошондой эле, ОшМУнун Enactus командасы «GFinger» жана «GFace» долбоорлору боюнча презентацияларын жасашты. Майыптыгы бар жарандардын коомдук фонддорунун, бирикмелеринин өкүлдөрү жана иш чаранын катышуучулары тарабынан кызуу талкуулар болуп, сунуштар берилди. Бүгүнкү иш чарада долбоорлорду жакшыртууга чоӊ мүмкүнчүлүк жаралып, долбоорду иштеп чыккан жаштар үчүн аянтча түзүлдү. Долбоорлордун мындан аркы кадамдарына кызматташуулар боюнча макулдашуулар болду.
Иш чара жогорку деңгээлде өттү.

Главные новости
«Инклюзивдик билим берүүгө карай жол"
Опубликовано 3 месяца назад
ОшМУнун Enactus командасы менен Баткенде
Опубликовано 3 месяца назад
ОшМУнун Enactus командасы менен Жалал-Абад облусунда
Опубликовано 3 месяца назад
Центр развития на джайлоо "Ананайка" отпраздновал свое 10-летие
Опубликовано 8 месяцев назад
Образование на высоте: Банк «Компаньон» поддержал пять «Центров развития на джайлоо»
Опубликовано 8 месяцев назад